Компаниябыздын ишмердүүлүгү саламаттыкты сактоого багытталган.

Биз «Сергек жашоо үчүн» аттуу миссиябызды сактап, адамдардын жашоосунун сапатын жакшыртууга арналган жогорку сапаттагы жана жеткиликтүү фармацевтикалык препараттардын көптөгөн түрлөрүн сунуштайбыз.

Биз жаңы препаратты иштеп чыккан учурдан тартып, аны колдонуу этабына чейин бейтаптарыбыздын муктаждыктарынын канааттандырылышына кам көрөбүз. Сапат – бул биздин милдетибиз, биз ага ишибиздин ар бир этабында көңүл бурабыз. Вертикалдуу интеграцияланган бизнес-моделдин жардамы аркылуу биз жоопкерчиликтүү жана рационалдуу иш-аракет аткаруу менен бардык кызыкдар тараптарга пайдалуу сунуштарды беребиз.

Биз көрүмүбүздү жүзөгө ашырууда бизнес-чечимдерди кабыл алууда корпоративдик баалуулуктарды жетекчиликке алабыз. Биз кишилердин саламаттыгын сактоого, жаратылышты коргоого жана коомду өнүктүрүүгө көмөктөшкөн теңдемдүү жана туруктуу өнүгүүгө карай умтулабыз.  

Тажрыйбаларыбыз, инновациялык чечимдерибиз жана бардык жандыктар менен айлана-чөйрөгө  аяр мамилебиз бизге артылган үмүт менен ишенимди бекемдөөгө жардам берет.

МИССИЯБЫЗ


СЕРГЕК ЖАШОО ҮЧҮН

Биздин заманбап технологияларыбыз менен инновацияларыбыз адамдарга ден соолугун сактоого жана чыңдоого мүмкүндүк берет, ошондой эле алардын жашоосунун сапатын жакшыртат.

КӨРҮМҮБҮЗ


БИЗ ДҮЙНӨДӨГҮ АЛДЫҢКЫ ФРАМАЦЕВТИКАЛЫК ЖЕНЕРИКТИК КОМПАНИЯЛАРДЫН БИРИ КАТАРЫ, ПОЗИЦИЯЛАРЫБЫЗДЫ ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БЕКЕМДЕП ТУРАБЫЗ.

Жеке иштеп чыгууларыбыз, эл аралык байланыштар, ийкемдүүлүк жана натыйжалуулук өнүгүү концепциябызды ишке ашырууга − женерик дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча динамикалуу жана инновациялык компания болууга мүмкүндүк берет.

БААЛУУЛУКТАРЫБЫЗ


Билим, инновациялар, натыйжалуу кесипкөй көндүмдөр жана чыгармачыл мамиле бизге тез өнүгүүгө жардам берет. Биз алдыңкылардан болууну көздөйбүз. Биз бул максатка сатууда гана эмес, рыноктун жаңы муктаждыктарын канааттандырууда дагы  умтулабыз. Максатыбызга жетиш үчүн иштеп чыгуу процессинин узактыгын кыскарттык, каттоо боюнча документтерди алуу тездигин көбөйттүк жана оптималдуу өндүрүш жана дистрибьюция процессине жетиштик. Ыкчам реакция менен адаптациялануу жөндөмдүүлүгү тоскоолдуктарды жеңип чыгуубузга жардам берет. Биз ийкемдүү чечимдерибиз менен өнөктөштөрүбүздүн ишенимин актап келебиз.

КРКА кызматкерлери ишмердүүлүгүбүздө өз ара аракеттешип жаткан бардык өнөктөштөр менен бекем жана ишенимге негизделген мамилени сактап келишет. Жакшы жана ак ниет мамилелер гана бизнестеги ийгилигибизди миссиябыз менен чогуу алып жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Жогорку натыйжаларга жетүүнүн бирден-бир туура жолу — бул жаратмандык менен чыгармачылыкка шарт түзгөн климатты пайда кылуу аракети. Дал ушул себептен улам биз кесиптештерибизди өз идеяларын сунуштоого жана жүзөгө ашырууга чакырабыз. Биз кызматкерлерибизди кардарлардын канааттануусуна ээ болуунун жаңы жолдорун табууга үгүттөйбүз. Биз колубуздан келгендин баарын ишке ашырууга жана аларды максималдуу деңгээлде натыйжалуу жана тез аткарууга умтулабыз.

Көрүүнү улантуу

Multiparty banner 1

КРКА КЫРГЫЗСТАНДА

15 жылдан ашуун убакыттан бери биз Кыргызстандагы эң алдыңкы фармацевтикалык компаниялардын бирине айландык.

ТОЛУГУРААК МААЛЫМ

ТУРУКТУУЛУК

Биздин ийгилигибиз айлана-чөйрөгө жана коомчулукка оң таасирин тийгизгенде гана өзүбүздү ийгиликтүү деп эсептей алабыз.

ТОЛУГУРААК МААЛЫМ

БИЗ ЖӨНҮНДӨ

Биз дүйнөдөгү алдыңкы женерик фармацевтикалык компаниялардын бири катары позициябызды дайыма бекемдеп жатабыз.

ТОЛУГУРААК МААЛЫМ