КРКА компаниясынын аталышы сапаттын синоними болуп калды, анткени сапат биздин продукцияны иштеп чыгуу жана өндүрүү процесстеринин өзөгүн түзөт. Сапат стратегиялык мааниге ээ жана бизге атаандаштык артыкчылыгын берет.

Сапат биздин өнүмдөрдүн ар бир аспектисинде алардын бүткүл жашоо циклинде камтылган

Жогорку сапаттагы продукцияны жаратуу КРКАнын бардык кызматкерлери үчүн эң башкы артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Биз өнүмдөрдү иштеп чыгуудан баштап рынокко чыгарууга жана жарактуулук мөөнөтүнө чейинки бүткүл жашоо циклине кылдаттык менен көзөмөлдөйбүз.

Анализдерди жүргүзүү сапатты камсыздоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз аларды эң заманбап лабораторияларда жүргүзөбүз. Биз КРКАда өндүрүлгөн жана биздин өнөктөштөр тарабынан берилген бардык чийки заттарды жана даяр өнүмдөрдү текшеребиз. Биздин өнүмдөрдү базарларга өз убагында жеткирүү үчүн компания жумуш процесстерин тынымсыз оптималдаштырууда жана лабораториянын дараметин жогорулатууда.

Чийки материалдарды кылдаттык менен тандоо

The quality system is applied as early as the inspection of raw materials used in producing finished Сапатты көзөмөлдөө системасы даяр продукцияны өндүрүү үчүн колдонулган чийки заттарды (АФИ, көмөкчү заттар, таңгактоочу материалдар) текшерүү баскычында эле  колдонулат. Биз жеткирип берүүчүлөрүбүздү текшерип, тобокелдиктерди баалайбыз. Биз сапатты көзөмөлдөө лабораторияларында чийки заттарды текшеребиз, ал эми жооптуу адамдар алардын сапатына баа берип, өндүрүштө колдонулушуна макулдук беришет.

Өндүрүшкө кылдат мамиле кылуу

Production of APIs and finished pharmaceutical products takes place according to the prescribed АФИ жана даяр дары-дармек каражаттарын өндүрүү белгиленген жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат, алар катуу сакталат. Биздин бардык өндүрүштүк объектилер жана жабдуулар зарыл болгон аттестациядан өткөн, ал эми биздин кызматкерлер жогорку квалификацияга ээ. Биз продукциянын ар бир партиясын өндүрүүнү кылдаттык менен көзөмөлдөйбүз жана бардык тиешелүү өндүрүштүк жана аналитикалык документтерди изилдейбиз. Мунун негизинде биз биздин өнүмдөр белгиленген жол-жоболорго жана тийиштүү практикалык колдонмолорго ылайык өндүрүлгөнүн ырастай алабыз жана каттоо күбөлүктөрүн берүү талаптарын канааттандырат экенин ырастай алабыз.

Рынокко чейинки баалоо

Өндүрүлгөн өнүмдүн  бардык партиялары тийиштүү өндүрүш практикасынын стандарттарына жана каттоо талаптарына ылайыктуулугу үчүн бааланат. Жеке партияларды рынокко чыгарууну баалоо ыйгарым укуктуу адамдар (ЫУА) тарабынан жүргүзүлөт. Баалоодо биздин продукциялар сатылган өлкөлөрдүн мыйзамдары эске алынат. Продукциянын сапаты тастыкталгандан кийин кампадагы запастар  бошотулат  жана продукциялар дүң сатуучуларга же кардарларга ташуу үчүн даярдалат.

Пикирлер жана өнүмдөрдү жакшыртуу

Биз рыноктордон  пикирлерди жана күнүмдүк колдонуудагы өнүмдөрүбүздүн коопсуздугун көзөмөлдөйбүз жана сактоо мөөнөтү боюнча алардын сапатын текшеребиз. Биздин өнүмдөрдү иштеп чыгууда   муктаждыктарын талдоодон баштап, колдонуудан кийин   канааттануусун көзөмөлдөөгө чейин бейтаптардын кызыкчылыктары ар дайым биринчи орунда турат. Ушундай жол менен биз алардын ишенимин сактайбыз, анткени биз дүйнөдөгү патенттелбеген дары-дармектердин алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн бири бойдон калуудабыз. Биз продукциянын коопсуздугуна жана сапатына дайыма көңүл бурабыз.

Көрүүнү улантуу

Multiparty banner 1

ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯ

Биздин дарылар Словениядагы жана дүйнө жүзүндөгү заводдордо эң алдыңкы технология менен чыгарылат.

Көбүрөөк

ӨНҮМДӨР

Биз жогорку сапаттагы өнүмдөр менен коопсуз жана натыйжалуу дарылоону камсыздайбыз.

Көбүрөөк

ТУРУКТУУЛУК

Биздин ийгилигибиз айлана-чөйрөгө жана коомчулукка оң таасирин тийгизгенде гана өзүбүздү ийгиликтүү деп эсептей алабыз.

Көбүрөөк