Биз клиникалык жактан текшерилген дарыларды чыгарабыз. Биоэквиваленттик изилдөөлөр изилдөө жана иштеп чыгуу учурунда түзүлгөн прототиптерден дарылоодо колдонууга ылайыктуу дары-дармектерге чейинки жолдогу эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Кандагы активдүү заттардын концентрациясын өлчөөнүн натыйжаларынын негизинде биз КРКА препараттарынын эталондук дарылар менен биоэквиваленттүүлүгүн тастыктайбыз, ошону менен алардын салыштырма натыйжалуулугун жана коопсуздугун далилдейбиз. Биздин заманбап жана автоматташтырылган биоаналитикалык лабораторияларыбызда колдонулган биоаналитикалык ыкмалар биологиялык материалдардагы активдүү ингредиенттердин эң төмөнкү концентрациясын да аныктоого мүмкүндүк берет. Биз аз инвазивдүү заманбап микро үлгүлөрдү алуу ыкмаларын киргизип жатабыз.

Бул иштин жыйынтыгы менен биз дарыларыбызды сатууга уруксат алабыз.

KРKA уруксат алгандан кийин клиникалык сыноолорду жүргүзгөн  женерик дарыларды чыгарган аз-маз  фармацевтикалык компаниялардын бири. Мындай изилдөөлөр жалпысынан дарылоо жөнүндө баалуу маалыматтарды берет: ооруну аныктоодон, туура дары жана дозасын тандоодон баштап, биздин продукциянын натыйжалуулугунун даражасына чейин.

КРКАнын тажрыйбасы

Далилденген коопсуздук, сапат жана натыйжалуулук
150+
клиникалык изилдөөлөр
350,000+
бейтаптар
27
өлкө

КРКА компаниясын тарабынан уюштурулган клиникалык изилдөөлөр бейтаптарга жардам көрсөтүүдө медициналык адистердин туура жана ишенимдүү чечимдерди кабыл алышына, ошондой эле дарылоонун ийгилигине жана медицинанын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Жогорку этикалык стандарттар, колдонуудагы сунуштар жана ченемдик актылар КРКА өнүмдөрүн колдонуу менен жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөлөрдүн негизин түзөт. Бул бизге саламаттык сактоо кызматкерлерин жана жөнгө салуучу органдарды биздин дарылар тууралуу кошумча маалыматтар менен камсыз кылып, реалдуу клиникалык практиканы көбүрөөк түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Көрүүнү улантуу

Multiparty banner 1

БИЗ ЖӨНҮНДӨ

Биз дүйнөдөгү алдыңкы женерик фармацевтикалык компаниялардын бири катары позициябызды дайыма бекемдеп жатабыз.

Көбүрөөк

ДАРЫЛОО БАГЫТТАРЫ

Биздин негизги дарылоо багыттары жөнүндө көбүрөөк билүү.

Көбүрөөк

ИЛИМ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ

КРКАнын дары-дармектерине болгон ишеним биздин лабораторияларыбыздан жана өндүрүш ишканаларыбыздан башталат.

Көбүрөөк