Ийгиликтин ачкычы өз персоналыңа инвестициялоо болуп саналат. Биз эң татаал технология да жөн гана технология экенин түшүнөбүз, эгерде аны толук шыктанган жана чыгармачыл адамдар колдонбосо.

КРКА кызматкерлери жаш адистер баалуу тажрыйбага жана көндүмгө ээ боло турган динамикалуу жана өнүгүүгө багытталган чөйрөнү түзүшөт. Биз таланттарды аныктайбыз, алардын айланасында келечегибизди курабыз жана аларга алдыңкы эксперт болууга жардам беребиз.

ЭЛ АРАЛЫК КОМПАНИЯНЫН МАДАНИЯТЫН ӨНҮКТҮРҮҮ

Mednarodna-prisotnost_c1800x1050

КРКА компанияларынын тобунда кызматкерлер ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Биз Лиссабондон тартып Владивостокко чейин компаниянын максаттарына жетүү үчүн өнөктөштүк мамилени колдонуп иштейбиз. Биз бирге өз ара ишеним, урматтоо, кызматташуу жана командада иштөө маданиятын курабыз. Алдыңкы технологияларды колдонуп, кызматкерлерибизди үзгүлтүксүз окутуп турабыз. Биз дүйнөдөгү дженерик өндүрүүчүлөрүнүн алдыңкы катарына киребиз. Фармацевтикалык рынокто дээрлик 70 жылдан ашуун убакыттан бери биз дүйнөнүн 45 өлкөсүндө көрсөтүлгөн компаниялардын тобуна айландык. Биз продукциябызды 70 ашык өлкөгө сатабыз.

РКЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ

Razvijamo-kadre_c1800x1050

Кызматкерлер өздөрүнүн компетенттүү көндүмдөрүн төмөнкү тармактарда өнүктүрө алышат: лидерлик, инсандык өнүгүү, кесибин жогорулатуу, чет тилдер ж.б.

Биз таланттарды аныктоого өзгөчө көңүл бурабыз – биз кызматкерлерди тандап алган профессионалдык чөйрөсүндө да, лидерлик даармети жагынан да өнүктүрүүнү системалуу түрдө пландайбыз. Дарамети жогору кызматкерлерге татаал долбоорлор дайындалат жана алар КРКАнын ички окутуу программаларына катышышат. Программалар коучинг жана практикалык окутуу менен толукталып, кызматкерлердин жана жетекчилердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

КРКА эл аралык окутуу системасына карата өзүнүн процессин иштеп чыкты, ага өз карьерасынын ар кандай этаптарындагы  кызматкерлер катышат.

БИЗ УЮШТУРУУ КЛИМАТЫБЫЗДЫ ДАЙЫМА ЖАКШЫРТЫП ТУРАБЫЗ

Izboljsujemo-klimo_c1800x1050

Уюштуруу климатын кызматкерлер түзөт, бул бизнестин натыйжаларынын ийгилигине түздөн-түз таасирин тийгизет.

КРКАнын ар бир кызматкери КРКАнын Жүрүм-турум кодексинде каралган талаптагыдай ишкердик практиканын этикалык принциптерин жана стандарттарды карманат. Биз бардык жеткирүүчүлөрдү жана башка бизнес өнөктөштөрдү, ошондой эле биздин туунду компаниялардын өнөктөштөрүн ушул стандарттар менен тааныштырып, КРКА менен иш алып барууда аларды толугу менен сактоосун камсыздайбыз.

Кызматкерлерибиздин жумушуна карата мамилесин билүү үчүн биз компаниянын уюштуруу климатын дайыма баалап турабыз. Жыйынтыктарды талдоо натыйжалуу жана чыгармачыл чөйрөнү колдоого жана өнүктүрүүгө салым кошкон жакшыртууларды даярдоо үчүн пайдалуу.

БИЗ ПРОДУКЦИЯБЫЗДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА ӨНДҮРҮҮ ҮЧҮН АКЫРКЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНОБУЗ

Vrhunska-tehnologija_c1640x920

КРКАнын дары каражаттарына болгон ишеним биздин илимий лабораториялардан жана өндүрүштүк жайлардан башталат.

Биздин вертикалдуу интеграцияланган бизнес моделибиз биздин иш-аракетибиздин бардык чөйрөлөрүндө көптөгөн ноу-хауну, креативдүүлүктү жана инновацияларды колдонууга мүмкүндүк берет.

Биз тармактын жетишкендиктерин талдайбыз, АФИ, фармацевтикалык формалар жана заманбап аналитикалык методдордун чөйрөсүндөгү ноу-хауларды иштеп чыгабыз жана ишке киргизебиз, заманбап жабдууларга инвестициялайбыз, алдыңкы технологияларды колдонобуз, заманбап өндүрүштүк жайларда продукцияларды өндүрөбүз, илимий иш-аракеттерибизди кылдат пландаштырабыз жана жакшы иштелип чыккан каттоо стратегиясын колдонобуз.

БИЗ САПАТТУУ, НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА КООПСУЗ ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ДАРЫ КАРАЖАТТАРЫН ӨНДҮРӨБҮЗ

Kakovost-H1_c1640x920

Биздин продукттар жана кызматтар дүйнөнүн бардык бурчтарында жогорку сапат стандарттары менен таанылган.

Бейтаптардын, дарыгерлердин, фармацевттердин жана жөнгө салуучу органдардын оң пикирлери – бул биз эң жогору баалаган нерсе.

Биз сапаттын маанилүүлүгүн түшүнөбүз, ошондуктан биз аны продукттун бүтүндөй жашоо циклинде көзөмөлдөйбүз; биз, сапат изилдөө жана иштеп чыгуудан баштап, продукт керектөөчүлөргө жөнөтүү алдындагы акыркы текшерүүдөн өткөнгө чейинки бардык этаптардын бөлүгү болоорун карайбыз.

БИЗ СОЦИАЛДЫК ЖООПТУУ КОМПАНИЯБЫЗ

TR10SI-trajnostni-razvoj-druzbena-odgovornost-main-Krka-dobrodelnost-prostovoljstvo-D-c2700x1300

Мы осознаем, что для достижения хороших результатов в бизнесе также важно обеспечить Бизнестин жакшы жыйынтыктарына жетүү үчүн КРКА иштеп жаткан өлкөлөрдүн жашоочуларын жакшыраак жашоо менен камсыз кылуу маанилүү экенин түшүнөбүз. Социалдык жоопкерчиликтүү компания катары биз миссиябызга – сергек жашоо образына жетүү үчүн көптөгөн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Биз ден соолук жана жашоо сапатына байланыштуу долбоорлорду колдойбуз. Биз өнөктөштүктү спорт, маданият, саламаттыкты сактоо, илим, билим берүү жана гуманитардык иштер, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого салым кошуу аркылуу түзөбүз.

Көрүүнү улантуу

Multiparty banner 1

ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ

Биз сизге билим алуу, өсүү жана өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз.

Көбүрөөк

ӨНҮМДӨР

Биз жогорку сапаттагы дарыларды колдонуу менен коопсуз жана натыйжалуу дарылоону камсыздайбыз.

Көбүрөөк

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ

Биз жаратылыш жана социалдык чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле жасайбыз.

Көбүрөөк